Күн мурун, 8-апрелде “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Худжанд – Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын жүргүнчүлөр менен ийгиликтүү аткарды. “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, үзгүлтүксүз каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. (келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда). Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтына же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алсаңыздар болот! Авиакомпания менен байланыш номерлер: […]Читать далее
Ош шаарына сырттан кирген унаалардан акы алуу сунушталууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфраструктурасын жакшыртуу маселесин көтөрдү. Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан […]Читать далее
Өлкө аймагында кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет жана жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү иштери жүргүзүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча жалпысынан 37,100 кг эспарцет үрөнү жана 56,595 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү себилип, 6,324 гектар аянт камтылды. Натыйжада пландын 42,4% аткарылды. Облустар боюнча алсак: Баткен облусу: 790 кг эспарцет […]Читать далее
Алдын ала маалымат боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүү 9% деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын “Азияны өнүктүрүүгө сереп” жылдык баяндамасында айтылат. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына караганда, Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи министрлер кабинетинин экономикалык активдүүлүктү тең салмакташтыруу жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча демилгесинин аркасында сакталды. Сунушталган факторлор тарабынан өнөр жайдын өсүшү 2023-жылдагы 4,8%дан 5,6%га чейин тездеди, […]Читать далее
Бишкекте эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалып, ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда. Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген. Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү […]Читать далее
Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиретти. Кубатов социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна чокусуна кычкылтексиз 7-апрелде ийгиликтүү көтөрүлдү. “Жеңиш биздики элим! Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров берген ак жолтой туубуз эң коркунучтуу жана эң татаал чокуда Аннапурнада көтөрүлдү. Бул жеңишимди көп улуттуу […]Читать далее
Кыргызстандын аймактарында биринчи жолу көчөттөрдү отургузуу жана “жашыл экономиканы” өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “жашыл экономиканы” өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын аймактарында биринчи жолу көчөттөрдү отургузуу жана көмүр кычкыл газынын исин азайтуу боюнча масштабдуу долбоор ишке кирүүдө. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев британиялык “Valor Carbon” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жана экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Hytera компаниясынын телекоммуникация жабдыктарын чогултуучу ишкананы пайдаланууга берүү аземине катышты. Экономика министрлигинен билдиришкендей, аталган компаниянын телекоммуникация жабдыктарын учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана Финансы министрлигинин алдындагы Бажы кызматы пайдаланып жатат. Ошондой эле, Суу ресурстары, айыл […]Читать далее
Электросамокат, гироскутер. Кабмин бир нече дөңгөлөктүү каражаттарды колдонууну жөнгө салды
Министрлер кабинети электросамокат, гироскутер сыяктуу бир нече дөңгөлөктүү каражаттарды эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин тиркемеге ылайык токтом менен бекитти. Бул токтом жеке мобилдүүлүк каражаттарын ( ЖМК) эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартиби жеке мобилдүүлүк каражаттарын убактылуу пайдаланууга киреге жана ижарага берүү кызматтарын акысына көрсөтүү боюнча юридикалык […]Читать далее
Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. тарабынан каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн Түркиянын жараны Ч.А.А.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады. Белгилей кетсек, […]Читать далее