Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Алгач парламент Төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек […]Читать далее

Экономика

Ошто акциздик маркасы жок 23 тонна мотор майы аныкталды

Ошто акциздик маркасы жок 23 тонна мотор майын аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылындагы мотор майларын сактоочу кампага салыктык рейддик көзөмөл жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 3 222 583,6 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 23 тонна 111 литр мотор майы табылган. Бул фактынын негизинде чогултулган материалдар юридикалык баа […]Читать далее

Экономика

Сугат мезгилинде Кыргызстан Казакстанга 580 млн куб метр суу берет

Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 35-жыйыны болуп өттү. Кыргыз делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектеди, ал эми Казакстандык делегацияны суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди. Тараптар Чүй жана […]Читать далее

Коом

Өлкө аймагында бир жума ичинде 323 мас айдоочу кармалды

 Өлкө аймагында 21-апрелден тартып, 27-апрелге чейин 22 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, алардын ичинен: – тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 765; – мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 323; – унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 134; – жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Анда ал 1916-жылдагы «Үркүн» окуясынын жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, ата-бабаларга куран багыштоо ырасымына катышты. Эскерүү иш-чарасына Төрага Нуман Куртулмушту Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун […]Читать далее

Коом

Бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат

Мындан ары бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирет. Кырсык болгон учурда: – Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин; – Жаракат алгандарга — 100 000 сомго чейин; – Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган. “Адам өмүрү баарынан кымбат! Күтүүсүз келген кырсыктан кудай […]Читать далее

Экономика

Дыйкан-фермерлер 2,1 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

 “Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча бүгүнкү күнгө карата дыйкан-фермерлерге жалпы 2 млрд 145 млн 567 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, өсүмдүк өстүрүүгө 321 млн 77 миң сомго 666 насыя берилди. Банктарга бөлүп карай турган болсок: – “Айыл Банк” ААК, 169617,0 миң сомго 360 насыя […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстанга кирүүгө визаларды жасалмалоо боюнча туруктуу канал токтотулду

Кыргызстанга кирүүгө визаларды жасалмалоо боюнча туруктуу канал токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу ишинин алкагында жасалма визаларды даярдоонун белгиленген каналын аныктап, ага бөгөт коюп, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаранды кармады. Кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары […]Читать далее

Коом

Бул жумада кыргызстандыктар 3 күн гана иштейт

Алдыда кыргызстандыктарды кыска иш жумасы күтөт. Ал 28-апрелден 30-апрелге чейин созулуп, андан кийин – 1-майдан 10-майга чейин эс алышат, ал эми 11-май жекшемби. Мындан тышкары, 30-апрель шаршемби күнү 1-май майрам алдындагы кыскартылган иш күнү болот. Бул күнү иш күнү бир саатка кыскартылат. Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык май айында төмөнкүдөй жумуш эмес майрам күндөрү белгиленет: 1–4, […]Читать далее

Туризм

Испаниялык The Guardian журналы Кыргызстанды маданий туризм боюнча мыкты деп

Кыргызстан дүйнөлүк туристтик аренада өз позициясын бекемдөөнү улантууда. Британдык абройлуу The Guardian басылмасы 2025-жылы Кыргызстанды этикалык туризм үчүн эң мыкты багыттардын катарына киргизди. Туризм департаментинин маалыматына ылайык, аталган макалада The Guardian аң-сезимдүү саякаттарды баалаган, маданиятты, жаратылышты жана жергиликтүү жамааттарды урматтаган туристтер үчүн Кыргызстан уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын баса белгилеген. Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы, бай маданий […]Читать далее