Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропорттунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Алишер Козуев тосуп алды. Эскерте кетсек, 29-апрелге чейин улана турган расмий сапарынын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадионунун ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы жаңы спорттук объекттин инфраструктурасы менен таанышып, машыгуу залын, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик имараттарды көрүп чыкты. Садыр Жапаров өз сөзүндө самаалыктын символикалуулугун баса белгиледи: айыл жергесинде 2500 адамды батыра турган заманбап стадион пайда болду. Ал ушул […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Бүгүн ал кызматкерлердин иши менен таанышып, кызматтык нускамалардын сакталышын жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн текшерип, мыйзамдуулукту сактоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. “Ар бир мамлекеттик кызматкер, […]Читать далее
Эми кыймылсыз мүлк сатып алуу-сатуу келишимин толугу менен онлайн форматта, жаңыртылган Tunduk тиркемеси аркылуу каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров билдирди. “Эч кандай кезек күтүүсүз, кагаз иштерисиз — тез, ыңгайлуу жана коопсуз, — деп белгиледи Камбаров. Анын айтымында, келишимди каттоо үчүн талап кылынат: • Tunduk тиркемеси, […]Читать далее
Президент ишембиликте: Келечек муундарыбызга таза жана күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз
«Биз келечек муундарыбызга таза жана күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз», – деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, «Ала-Арча» жаратылыш паркында өткөн ишембилик учурунда. Ишембиликке Президенттин администрациясынын жана иш башкармалыгынын жетекчилиги, кызматкерлери катышты. Мамлекет башчысы элге өз жаратылышына аяр мамиле жасоо, таштанды калтырбоо, өзүнө жана курчап турган чөйрөгө карата аяр мамилени калыптандыруу чакырыгы менен бир нече ирет […]Читать далее
Алматы шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Борбор Азия – Кытай” форматынын тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусуна катышты. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз-ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты. Өндүрүш жана инвестиция, экономика жана соода, айыл чарба, транспорт, бажы, коомдук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, билим берүү жана башка тармактарда кызматташуунун түзүлгөн […]Читать далее
Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К. Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Н.Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйынын өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында Чечме (Чашма) булагын кармап туруу менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук […]Читать далее
УКМК мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча активдүү жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бир топ адамдар тарабынан киши өлтүрүү фактысы боюнча Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жакынкы Батыш өлкөлөрүнүн биринин Ш.К. аттуу жаранын аныктады. Тактап айтканда, 2024-жылдын январында Ш.К.га РФнын Тергөө комитети тарабынан Федералдык (мамлекеттер аралык) издөө жарыяланган. Чет элдик жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылбоо […]Читать далее
Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай -коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы тендердик баасы 133 млн сомду түздү. Үч кабаттуу жаңы имарат бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына жооп берет. Оорукана атайын медициналык жабдуулар менен толук жабдылып, келечекте […]Читать далее
Казакстандын жарандары тарабынан уюштурулган Бишкек шаарындагы Колл-борбордун кызматкерлерин кармоо жөнүндө
УКМК кибер алдамчылык боюнча мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарында, жетекчилери Казакстан Республикасынын жарандары болгон Колл-борбордун иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошентип, Колл-борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандарын биологиялык активдүү кошулмаларды жана тиричилик техникасын сатып алууга көндүрүү максатында системалуу түрдө психологиялык таасир тийгизип, андан соң […]Читать далее