Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 35-жыйыны болуп өттү. Кыргыз делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектеди, ал эми Казакстандык делегацияны суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди. Тараптар Чүй жана […]Читать далее
Өлкө аймагында 21-апрелден тартып, 27-апрелге чейин 22 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, алардын ичинен: – тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 765; – мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 323; – унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 134; – жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине
Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Анда ал 1916-жылдагы «Үркүн» окуясынын жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, ата-бабаларга куран багыштоо ырасымына катышты. Эскерүү иш-чарасына Төрага Нуман Куртулмушту Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун […]Читать далее
Мындан ары бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирет. Кырсык болгон учурда: – Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин; – Жаракат алгандарга — 100 000 сомго чейин; – Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган. “Адам өмүрү баарынан кымбат! Күтүүсүз келген кырсыктан кудай […]Читать далее
“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча бүгүнкү күнгө карата дыйкан-фермерлерге жалпы 2 млрд 145 млн 567 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, өсүмдүк өстүрүүгө 321 млн 77 миң сомго 666 насыя берилди. Банктарга бөлүп карай турган болсок: – “Айыл Банк” ААК, 169617,0 миң сомго 360 насыя […]Читать далее
Кыргызстанга кирүүгө визаларды жасалмалоо боюнча туруктуу канал токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу ишинин алкагында жасалма визаларды даярдоонун белгиленген каналын аныктап, ага бөгөт коюп, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаранды кармады. Кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары […]Читать далее
Алдыда кыргызстандыктарды кыска иш жумасы күтөт. Ал 28-апрелден 30-апрелге чейин созулуп, андан кийин – 1-майдан 10-майга чейин эс алышат, ал эми 11-май жекшемби. Мындан тышкары, 30-апрель шаршемби күнү 1-май майрам алдындагы кыскартылган иш күнү болот. Бул күнү иш күнү бир саатка кыскартылат. Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык май айында төмөнкүдөй жумуш эмес майрам күндөрү белгиленет: 1–4, […]Читать далее
Кыргызстан дүйнөлүк туристтик аренада өз позициясын бекемдөөнү улантууда. Британдык абройлуу The Guardian басылмасы 2025-жылы Кыргызстанды этикалык туризм үчүн эң мыкты багыттардын катарына киргизди. Туризм департаментинин маалыматына ылайык, аталган макалада The Guardian аң-сезимдүү саякаттарды баалаган, маданиятты, жаратылышты жана жергиликтүү жамааттарды урматтаган туристтер үчүн Кыргызстан уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын баса белгилеген. Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы, бай маданий […]Читать далее
Кыргызстанга Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги тарабынан “стабилдүү” божомолу менен “В” кредиттик рейтинги берилди. Бул окуя эл аралык финансы рынокторунун ишенимин бекемдөөдө маанилүү кадам болуп калды жана өлкө экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Fitch Ratings Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүн баса белгилеп, 2022-жылдан 2024-жылга чейин сооданын өнүгүшүнөн, капиталдын кириши жана курулуш секторуна инвестициялардан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, […]Читать далее