Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тилге байланышкан мыйзам долбоору каралып, төрага Нурланбек Тургунбек уулу аталган маселеге астейдил көңүл бурууга чакырды. “Башка улуттар бар, биз көп улуттуубуз деп жүрүп, мамлекеттик тилибиздин азыркы абалын көрүп жатасыңар. Кейиштүү абалда. Биз башкаларга жакшы көрүнөбүз деп популист болуп, убактылуу упай топтойбуз деп жүрүп, мына ушуга келдик. Кыргыз мамлекетинде жашап, иштеп […]Читать далее
Кеминдеги каттама саткан ашканалар буздурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Кемин районундагы Чолок айылынын калктуу конушундагы (3888-чакырым) Бишкек – Балыкчы багыты боюнча темир жолго бөлүнгөн тилкедеги коомдук тамактануу жайларын текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, КР президентинин “Автомобиль […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында 900 орундуу мектептин курулушуна
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас шаарында мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Аземге 900 орундуу окуу жайдын курулушун колдоого алган “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев да катышты. Иш-чарада МинКаб Төрагасы сөз сүйлөп, чогулгандарды мектептин курулушунун башталышы менен куттуктады. “Сөзүмдү Манас […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады. Анда ал министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту […]Читать далее
Ветеринардык кызматтын “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” мамлекеттик мекемесинин алдындагы үч зоналдык ветеринардык лабораториянын Серология бөлүмдөрү Кыргыз аккредитациялоо борборунун аккредитациясынан өттү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада эл аралык стандарттарга шайкеш келген сертификатка ээ болду. Аккредитациядан өткөн лабораториялар: Баткен зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмү; Каракол зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология […]Читать далее
Ош шаарындагы бардык базарлар 1-июлдан жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев кезектеги таңкы рейдде тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге жаңыдан курулуп, пайдалануу алдында турган муниципалдык базарга барып, курулуштун бүткөрүлгөн иштери менен таанышты. Ошондой эле анын жанында жеке инвестор тарабынан курулуп жаткан базардын курулушун көрүп, жумуштарды тездетүүнү […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри кызматына шайлоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралды. Парламенттен билдиришкендей, талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, коргоо министри кызматына шайлоо үчүн колдоп беришти.Читать далее
Кыргызстандан жылына 1,5 млн тоннага жакын көмүр Кытай менен Өзбекстанга экспорттолот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Энергетика министрлигине караштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, учурда Тажикстанга көмүр экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. “Жалпы статистикада Кыргызстан боюнча жылына 4,5 млн тоннага жакын көмүр өндүрүлөт. Ошонун ичинен 3 млн тоннадай көмүр […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 926 млрд сомду түздү. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга көбөйдү. Муну менен катар 2024-жылы керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 881,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга көбөйгөн. Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн, […]Читать далее
“Менин шаарым” мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду. Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, жаңы функция аркылуу колдонуучулар туура эмес токтотулуп, эвакуацияланган автоунаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрө алышат. Эми шаар тургундары өздөрүнүн автоунаасынын кайда экендигин жана эвакуация кызматтары менен байланышуу маалыматтарын тез арада билишет. Бул шаардык кызматтардын ишин ачык-айкын кылууга жана жарандар менен муниципалдык органдар ортосундагы […]Читать далее