Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзини жана падышалыктын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы 21-майда Бишкекте өткөн Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы баштаган Сауд Аравиянын делегациясы […]Читать далее
Данияр Амангельдиев Алжирде бир катар каржы институттары менен кызматташуунун келечегин
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар кеңешинин Жылдык жыйынына катышуу үчүн Алжирге болгон иш сапарынын алкагында Араб координациялык тобунун алдыңкы финансылык институттарынын жетекчилери менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ОПЕК Фонд) башкы директору Абдулхамид Альхалиф жана […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстандын Биринчи айымдары Айгүл Жапарова менен Зироат Мирзиёева Будапешттеги Мажар музыкасынын үйүндө болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымынын социалдык тармактагы барактагы баракчасында маалымдалды. Аларды музыка үйүнө Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи чакырган. Мажар музыкасы үйү – Будапешт шаарындагы интерактивдүү, көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбор. Туруктуу көргөзмө конокторду европалык жана мажар музыкасынын түптөлүшүнөн баштап […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мукамбетов Руслан Мустафаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, коргоо министри болуп дайындалды.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анда, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, мамлекеттик органдардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштин жүрүшү тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевге маалымат берди. Белгилүү болгондой, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун жана анын Кыргыз […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы бир катар социалдык объекттердин жана заводдун ачылышына катышты Алгач минкаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөн шаарындагы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кеңейтилип, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, жаңыланган “Айчүрөк” кинотеатрынын ачылыш аземине катышты. “Маданият – элдин руханий негизи. Аны өнүктүрүү аркылуу гана биз келечектеги сапаттуу […]Читать далее
Эртең, 23-майда саат 09:00дө Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө. Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган: №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия […]Читать далее
2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө эт өндүрүүнүн көлөмү өсүп, 127,1 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, январь-апрель айларында мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүнүн өндүрүлүшү өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгүдөй өсүшкө ээ болгон: эт өндүрүү – 127,1 миң тонна (өсүү 3,0%). Ар бир облуста өсүү байкалып, […]Читать далее
Бишкекте Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин 2-жыйыны өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага катышууга Сауд Аравиянын ири компанияларынын 35 өкүлү келди. Делегацияны Сауд-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Моажеб Аль-Хувайзи жетектеди. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин айтымында, бул иш сапар жогорку деңгээлдеги акыркы келишимдердин түз уландысы. Сауд Аравия Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө кылдат […]Читать далее