Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы Ош шаарынын жолдорунда жүрүп жаткан оңдоо, куруу иштеринен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаардын бир катар көчөлөрүндө жүрүп жаткан оңдоо, куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Маселен, оңдоо иштери жүрүп жаткан Р. Моминова […]Читать далее

Коом

Быйыл кызыл аттестат алуудагы “Алтын тамга” тестирлөөсү жоюлду

Быйыл бүтүрүүчүлөргө жеңилдик берүү максатында кызыл аттестат алуудагы “Алтын тамга” тестирлөөсү жоюлду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, буга чейин кызыл аттестатты аталган тестирлөөдөн өткөн гана бүтүрүүчү алчу. Эми 11 жыл ичинде чейректеринин баары 5 чыккан бардык бүтүрүүчү […]Читать далее

Коом

Жалал-Абадда курулуп жаткан ипотекалык батирлер кезекке тургандардын санынан көп

Жалал-Абад облусунда ипотекага турак-жай алууга кезекке тургандарга караганда, курулуп жаткан батирлердин саны көп. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева маалымдагандай, мында сунуш суроо-талапка караганда жогору. Анын айтымында, эң көп 27 миңден ашык жаран МИК аркылуу батир алуу үчүн Бишкек шаарында кезекте турат. “Бишкекте батир алуу үчүн кезекке тургандардын саны көп болгондуктан, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар ири объекттердин курулушу менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаардагы бир катар ири объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алгач, Адылбек Касымалиев реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына барды. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө жана ал административдик, ошондой эле иш жүргүзүүгө […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда төрт айда 30 млрд сомдук товар кайра иштетилди

Кыргызстанда төрт айда кайра иштетүү тармагы 30 млрд сомдук товар өндүрүп, өсүш 163,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-апрелинде бул көрсөткүч 23 млрд 496,8 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси – 118,1 % болгон. Натыйжада 2025-жылы өндүрүш көлөмдөрүнүн олуттуу өсүшү белгиленди. Республиканын […]Читать далее

Билим

Бишкекте жаңыланган билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды

Бүгүн Бишкек шаарында өткөн Педагогикалык форумдун алкагында “Жаңы багыттар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана “Алтын казык” программасы – билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү” урааны менен жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова жана ЮНИСЕФтин Европа жана […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Түркия биргелешкен демилгелерди илгерилитүүнү макулдашты

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мехмет Мустафа Кемал Окем менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындай жооптуу кызматка дайындалуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга аракет кылууга жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө […]Читать далее

Коом

Эмгек министри үй-бүлөнү коргоо боюнча эл аралык декларацияга кол коюуга

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров үй-бүлө институтун коргоо жана колдоо жөнүндө эл аралык декларацияга кол коюунун расмий аземине катышты. Ведомстводон маалымдашкандай, документ үй-бүлө маселелери боюнча эл аралык форумдун негизги жыйынтыгы болду, ага жогорку даражалуу адамдар, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Декларация салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, нике институтун бекемдөө, келечек муундардын […]Читать далее

Экономика

KOICA Кыргызстандагы долбоорлорду колдоого даяр

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти Хонг Сокхва менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар министрлик менен KOICA`нын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана гранттык жардамдын алкагында санариптештирүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешти. Сыдыков министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн […]Читать далее

Экономика

Жалал-Абадда жыл башынан бери 1,2 млрд сомдук өнөр жай продукциясы

Күн мурун Жалал-Абад облусунда ушул жылдын биринчи кварталында аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жыйынды президенттин өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын, саламаттык сактоо, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты. Коллегияда жылдын биринчи кварталында […]Читать далее