2025-жылы акысыз юридикалык кызмат көрсөткөн адвокаттарга 139 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жарандын сотко чейинки доо арызын даярдап берүү жана 1-инстанциядагы сотко катышуу үчүн чыгымдар 15 миң сомду түзөт. “Бардык инстанциядагы сотко катышса адвокатка 30 миң сом айлык берилет. Буга чейин бул тарифтер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Садыр Жапаров өз сөзүндө Эмомали Рахмонду маанилүү ички саясий окуянын – Тажикстандагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, кыргыз тарап шайлоо процессинин уюштурулушун жогору баалаарын баса белгиледи, муну эл аралык байкоочулар, анын ичинде КМШ, ЖККУ […]Читать далее
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун расмий
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Тажикстандын лидеринин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратынын алдына келди. “Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү. Президенттер бири-бири менен учурашты, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери […]Читать далее
Худжандда Ноорузду майрамдоо иш-чарасына Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышат
Худжанд шаарында Нооруз майрамын майрамдоо иш-чарасына Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышат. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаров менен кеңейтилген курамда “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан жолугушууда билдирди. Эмомали Рахмон өз сөзүндө Садыр Жапаровго Худжанд тарыхый шаарында боло турган мамлекет башчыларынын үч тараптуу жолугушуусуна катышуусун тастыктаган үчүн ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле ал бүгүн […]Читать далее
Кыргызстанда мамлекеттик визит менен жүргөн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде болду. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда президент Эмомали Рахмон 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды. Андан соң Тажикстандын президенти залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумга Куран окулду.Читать далее
Быйылкы жылга карата өлкөдө 15 питомник тарабынан мөмө-жемиштердин 12 млн 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошондой эле быйылкы жылы өлкө боюнча жалпы 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Бүгүнкү күнгө карата 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 91% түздү. Ал эми өлкө боюнча […]Читать далее
“Kлooп” жана “Темиров Live” тараткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Буга чейин аталган басылмалар атайын кызматтын башчысынын “Насоновское” алтын кенине катыштыгы бар болушу ыктымал деген макала жарыялаган. Буга байланыштуу УКМК аталган кендин жалгыз ээси Кыргызстандын жараны Боотаев Азрет Түркменович экенин, ага карата мурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобундагы ишмердүүлүгү боюнча […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусуна жумушчу иш сапары менен барып, аймактардагы социалдык маселелерди жеринде талкуулады. Иш башкармалыктан билдиришкендей, ал инфраструктураны жакшыртууга, социалдык объекттерди оңдоого жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди. “Биз элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшап, социалдык объекттерде заманбап шарттарды түзүп, келечек муун үчүн бекем […]Читать далее
Улакчынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, эки киши кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Милициядан маалымдашкандай, күн мурун “Ак-Кула” ат майданында Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулган мелдеште Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын ортосундагы оюнда улакчы жаракат алган. Бирок ал ооруканага жетпей жолдон каза тапкан. Бул фактынын […]Читать далее
Оштогу жер титирөөдөн жабыркаган имараттар аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ош облусунун аймагында катталган жер титирөөнүн кесепетинен дубан боюнча жалпы: – 25 турак үй; – 12 мектеп; – 1 бала бакча; – 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган. Алай району боюнча: – 13 турак үй; – анын ичинен 1 турак үй кооптуу. Ал эми, […]Читать далее