Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын (КПФ) XXVII съездинин ишине катышып, делегаттардын алдында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө кесиптик бирликтер кыймылы коомдук туруктуулуктун эң маанилүү таянычы жана жумушчулардын укуктарын коргоонун натыйжалуу механизми экенин белгиледи. Анын айтымында, кесиптик бирликтер мамлекет, иш берүүчүлөр жана жумушчулардын ортосундагы байланыштыруучу байламта болуп, ошондой […]Читать далее
Hitachi Construction Machinery компаниясынын вице-президенти, тоо-кен тармагынын башчысы Эйдзи Фукуниши Кумтөр кен жайына барды. Ведомстводон билдиришкендей, ал Кумтөр кен жайынын иши менен бирге Hitachi маркасындагы оор тоо-кен техникаларынын климаттык иштөө шарттары менен таанышты. Белгиленгендей, жакында эле Hitachi компаниясынын тарыхында биринчи жолу Кумтөр кен жайында кызмат кылган Hitachi экскаваторлорунун бири 100 миң мото саатты ийгиликтүү багындырды. […]Читать далее
3-сентябрда Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча бюросунун жетекчиси Бетани Моррисон менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий диалогду бекемдөөгө, өз ара иш-чараларды уюштурууга, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле виза маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Элчи Молдогазиев америка […]Читать далее
Лейлек районуна караштуу Достук айылындагы “Достук-Кадырбек” айыл чарба кооперативи быйылкы жылы дагы өрүктөн жогорку түшүмгө жетишти. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, министрликтин колдоосу жана жүргүзүлгөн лабораториялык анализдердин жыйынтыгында өсүмдүктөргө керектүү азык-заттар убагында берилген. Натыйжада түшүмдүүлүк 2023-2024-жылдарга салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Кооператив жалпы 6 гектар аянттан 16,5 тонна кургатылган өрүк […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы мечиттин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы үчүн КР Мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) адиси кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. УКМК жер мыйзамына байланыштуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы «Соолихин» мечитинин аймагындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы аталган «Соолихин» мечитинин мурдагы имамы Б.А.А., КМДБнын адиси […]Читать далее
Алдамчылар министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атын пайдаланып, билдирүү жөнөтүп жаткан учурлар катталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү интернет желесиндеги алдамчылар министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан 3-4 кызматкерге вотсап аркылуу билдирүү жазган. Демек, башка жарандарга дагы жазган учурлар болушу мүмкүн. […]Читать далее
2025-жылдын 3-сентябрына карата Кыргызстандын дүң эл аралык резервдери жаңы рекорддук чекке жетип, 7млрд 21 млн долларды түздү. Бул 2025-жылдын башынан бери 1 933,1 млн долларга же 38 пайызга өскөнүн билдирет, деп маалымдады Улуттук банк. Ошол эле учурда 2024-жыл ичинде дүң эл аралык резервдер 3 236,5 млн доллардан 5 088,1 млн долларга чейин өскөн. “Эл аралык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кемин районундагы “Учкун ВМ” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишканада тоо-кен өнөр жайында, ошондой эле жер астындагы жана ачык шахталарда жардыруу иштерин жүргүзүүгө колдонулуучу жардыргыч материалдар чыгарылат. Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, мындай […]Читать далее
Жыл башынан бери мамлекет чакан жана орто бизнести 88 миллион 51 миң сом каржылады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Мамлекет бул иш-чараларды кичи жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, жакырчылыкты азайтуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөн пайыздык кредиттерди берүү аркылуу аймактарды жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү максатында ишке ашырууда. […]Читать далее
2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайынкы жөлөк пул киргизилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулу “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына ылайык киргизилүүдө. Жөлөк пул бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө […]Читать далее