“Ала-Арча” жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышуу учурунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эстеликке белек тартууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Иш-чаранын алкагында комуз чапкан чебер уста Тажикстандын лидерине эки элдин биримдигинин жана достугунун белгиси катары улуттук музыкалык аспапты белекке берди.Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматы кыска мөөнөттө максималдуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган жакынкы 100 күнгө карата иш-аракеттердин комплекстүү планын иштеп чыкты жана бекитти. Негизги артыкчылыктарга бажы жол-жоболорун тездетүү жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү кирет. Пландын алкагында МБКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана бажы системасын модернизациялоого багытталган бир катар негизги […]Читать далее
Бүгүн, 12-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Эки өлкөнүн лидерлери келгенинде аларды төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу топтомунан улуттук кийим кийген кыздар салтанаттуу тосуп алышты. Мамлекет башчылары кол өнөрчүлөрдүн аллеясында боз үйлөрдүн инсталляцияларында […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте “Бөрүлү” жана “Бүркүт” командасынын оюнунда кырсык болгондугуна байланыштуу көк бөрү оюндарын токтотуп туруу чечими кабыл алды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн кечинде федерациянын башкармалык мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулмакчы. Алдыдагы Нооруз турнири боюнча кошумча маалыматтар жыйындын чечимине байланыштуу берилери айтылды. Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү […]Читать далее
Ош шаарында 3 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, эски гараждар бузулгандан кийин Исанов көчөсүндөгү 2,8 гектар жерге 3 кабаттуу 156 орундуу унаа токтотуучу жай куруу жана көрктөндүрүү боюнча алдын ала долбоору иштелип чыккан. Маалым болгондой, алдын ала долбоор Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.Читать далее
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту. Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик […]Читать далее
Жылдагыга салыштырмалуу быйыл балдарды 1-класска электрондук каттоо жеңилдетилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Анын айтымында, башка жылдардан өзгөчөлөнүп быйыл 1-2-класстарга барчу балдарды мамлекет өзү проактив режиминде каттады. “Мурда ата-энелер бир нече маалымкатты тиркеп, өзүнүн жеке кабинетин ачып анан баласын мектепке каттачу. Өлкөбүздө […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (РКЖОО) барып, кызамык жана башка жугуштуу оорулар боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал менен таанышты. Бүгүнкү күндө ооруканада кызамык диагнозу менен 133 бейтап жатса, анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Буга чейин кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 9 адистештирилген бөлүм ачылган. Бирок ооругандардын саны […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасына автотранспорттун кузовун ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтом кабыл алды. Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, автотранспорт каражаттарын сатып алуу процессинин айкындуулугуна жана ак ниеттүү транспорт ээлеринин укуктарын коргоого багытталган. Акыркы жылдары өкмөт көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун […]Читать далее
Жогорку Кеңеште жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы угулду. Бул багытта депутаттарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев маалымат берди. Анын маалыматында, быйыл […]Читать далее