Ысык-Көлдү тазалоо иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык тийиштүү кызматтар Ысык-Көлдү торлор жана таштандылардан тазалоону активдүү улантышууда. Президенттин билдирүүсүнө ылайык, акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычтарынан жыйналган торлордун узундугу 5 миң 700 километр болгон. “Бул деген Бишкек-Москва-Санкт-Петербург шаарына чейинки аралык. […]Читать далее
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн туруктуулугу жана коопсуздугу жалпы коркунучтарды өз убагында аныктоо, терең талдоо жана биргелешип нейтралдаштыруу жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Аймактагы учурдагы чакырыктар ар түрдүү, бирок алардын баары окшош мүнөзгө […]Читать далее
Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат экилер чамасында болгон жер титирөөнүн очогу Бишкектин түштүк-чыгышында 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очогунда жер титирөөнүн силкинүүсү 4,5 баллга жеткен. Бишкек шаарында зилзаланын күчү 4 баллды түздү.Читать далее
Кыргызстанда терроризмге жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөш күчөтүлүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 15-жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында күн тартибине киргизилген бир катар маанилүү маселелер каралды, анын ичинде 2022-2024-жылдар аралыгындагы Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоо жөнүндө отчетту жактыруу. Министрлер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жыйынына катышкан делегациялардын башчыларын кабыл алды. Жыйынга Коопсуздук кеңешинин катчылары: Кыргызстан – Бактыбек Бекболотов, Азербайжан – Рамиль Усубов, Казакстан – Гизат Нурдаулетов, Түркия – Окай Мемиш, Өзбекстандан – Виктор Махмудов, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты. […]Читать далее
Бишкек жаңы аймактарды өнүктүрүүгө инвестиция салууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Бишкек шаары административдик-аймактык реформанын алкагында борборго кошулган жаңы аймактарды өнүктүрүүгө олуттуу кадамдарды жасоодо. Бул максатта шаардык бюджеттен 600 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, каражат төмөнкү тармактарга багытталууда: Быйылкы жылга карата административдик-аймактык реформанын алкагында Титулдук курулуш тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт: 6 социалдык объектти куруу […]Читать далее
Ошто суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда Ош шаарындагы суу чарба муниципалдык башкармалыгынын айрым кызматкерлери 2022-жылдан бери автоунаа жуучу жайлардан мыйзамсыз түрдө ар ай сайын кошумча 5 000 сомдон пара алып келишкенин билдирген. Жалпы келтирилген […]Читать далее
Чүйдө стратегиялык маанидеги объект мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аталган райондун Чолок-Арык айылынын четинде Казакстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында жайгашкан, стратегиялык мааниге ээ болгон “Аспара” дарыясынын башкы суу бөлүштүрүү пунктундагы кызматтык үйү жана ага тиешелүү 2749,0 м2 жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга 38 900 сомго сатылып кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн […]Читать далее
Таласта мыйзамсыз берилген имарат жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жер жана мүлк мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 2003-жылы Талас облустук профсоюздар комитетине тиешелүү болгон имарат 942,35 чарчы метр жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, жалпы баасы 6,2 млн сомду түзгөн жогоруда белгиленген […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында автоунаалар үчүн химиялык каражаттарды мыйзамсыз өндүргөн цех аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, цехтин имаратында болжол менен 45 тонна техникалык спирт табылган. Ошондой эле көп сандагы этикеткалар, капкактар, таралар жана сатууга даярдалып жаткан продукциялар — антифриз, айнек жуугуч суюктук жана башка техникалык каражаттар аныкталды. Өндүрүш аймагы калк жыш жайгашкан “Спутник-22” […]Читать далее