Кыргызстанда 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 220 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 660; мас абалында унаа башкаруу – 342; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 186; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 100; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо […]Читать далее
Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуунун коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири К.А.Б. “Кой-Таш” аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү […]Читать далее
Кечээ, 14-сентябрда Токтогул шаарында толугу менен жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадион салтанаттуу түрдө ачылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, жаңы аренадагы алгачкы оюн – «Токтогул» менен «Базар-Коргон» командаларынын беттеши менен уланды. Ташиев бул стадион жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, улуттук биримдикти жана достукту чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи. […]Читать далее
16-18-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө: 16-сентябрда күндүз жана 17-18-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°, Ош, […]Читать далее
Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган 5 ымыркай бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстанга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин тыгыз кызматташуусунда жүзөгө ашырылды. Мекенге кайтарылган балдар Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине жайгаштырылып, мамлекеттик социалдык коргоого алынды. Учурда тиешелүү мамлекеттик […]Читать далее
11–12-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында «Борбор Азия өлкөлөрүндө балдардын укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүүнүн актуалдуу маселелери: Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн аймактык өз ара аракеттенүүсү» деген темада I эл аралык форум болуп өттү. Форумдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Европанын бир катар мамлекеттеринин – Финляндия, Хорватия жана Норвегиянын балдар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токмок шаарында жайгашкан балык чарбасына барды. Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев балык өстүрүү технологиялары, өндүрүш процесси жана балык өстүрүү секторун өнүктүрүү келечеги менен таанышты. Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев балык уулоо тармагын өнүктүрүү өлкөнүн экспорттук потенциалын […]Читать далее
Баткен облусунда 860 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, бул көлөм 2025-жылдын январь–август айларында облустагы 40тан ашык көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан казылган. Көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү көмүрдүн дүң баасын макулдашуу боюнча Сүлүктү жана Раззаков шаарларында көмүр казуучу компаниялардын жетикчилери жана башкы эсепчилери менен жолугушууларды өткөрүп, […]Читать далее
Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, облустук штаб жер-жерлерде кышка камылга белгиленген планга ылайык жүргүзүүдө. Учурда штабдын мүчөлөрү район-шаар, айыл аймактарда, социалдык жана административдик объекттердин от казандарынын жана жылытуу системаларынын даярдыгын, көмүр камдоо иштерин жеринде көрүүдө. Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында, Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө Алымбек Датканын өмүр баянынын негизги баскычтарын ачып берген даректүү тасма, ошондой эле ал жашаган доордун атмосферасын жана анын өмүрүндөгү эң маанилүү эпизоддорду көркөм формада чагылдырган театралдаштырылган […]Читать далее