Экономика

8 айда 88 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын январь-август айларында бажы төлөмдөрүнүн планын ашыкча аткарды. Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 86 млрд сом болсо, иш жүзүндө 88 млрд сом чогултулду, план 102,4%га аткарылды. Бул көрсөткүч пландан 2 млрд сомго көп. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 7,7 млрд сомго (80,3 млрд. сомдон 88,0 млрд сомго чейин) көбөйүп, өсүү темпи 109,6%ды түздү. […]Читать далее

Аймак

Ошто электр унааларын кубаттоочу станциялар ишке берилди

Ош шаарынын мэриясынын электр унааларын кубаттоочу станциялары ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20 даана электр унааларын кубаттоочу станция Алымбек датка көчөсүнө орнотулду. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана шаардыктар катышты. Жалпы 30 жабдуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде алып келинген. Калган 10у калаанын башка аймактарына орнотулат. Бул станцияларды […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда эң көп азык-түлүктүн баасы кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,1 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, мында,  баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 4,7 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 3 пайызга жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 70 пайызы жыйналды

Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 678,4 миң га аянтынын 478,8 миң гектары жыйналды, бул 70,6 % пайызды түзөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн (467,9 миң га) бир аз ашык. Республикалык деңгээлде орточо түшүмдүүлүк 26,2 ц/га түзүүдө. Жашылча жыйноо (жалпы 56,6 миң га) иштери 39,3 миң […]Читать далее

Президент

Президент Токмокто Ислам академиясын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, өлкөбүздүн билим берүү жана дин тармагында дагы бир жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи. Ислам академиясы – агартуунун, руханий өсүштүн жана салттуу ислам баалуулуктарына таянуунун символу боло турган мекеме. Садыр Жапаров архивдик булактардагы маалыматтарды келтирүү менен, […]Читать далее

Коом

“Аюнун” ээси Ш.Абдыкеримовдун 10 млрд сомдук объекттери мамлекетке өттү

«Аю» көп профилдүү холдингинин ээси Ш.Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 миллиард сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө негизделген тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында «А.Ш.Ш.» тарабынан мамлекеттик органдарга берилген жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн […]Читать далее

Коом

Базар-Коргондо 6,4 млн сомдук соода борбору мыйзамсыз менчиктештирилген

Базар-Коргондо мамлекеттик мүлк мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Базар-Коргон шаарындагы “Каныкей” соода борбору жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз сатуу жана сатып алуу келишимдеринин негизинде жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Аталган мүлктүн жалпы баасы 6,4 млн сомду түзөт. Архивдик документтерди салыштырып көрүүдө айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чыгарылган буйруктардын каттоо журналында “Каныкей” […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов ЕККУ төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен жолукту. Жолугушууда тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусун, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Академиясынын ишмердүүлүгүн талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мыйзамдуулук, коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндө […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкек жана Чүйдө жасалма алкоголдук продукция өндүргөндөр аныкталды

Бишкек жана Чүй облусунда жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу боюнча фактылар аныкталды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей иешелүү лицензиясы жок спирттик продукцияны өндүрүү жана сатуу ишмердүүлүгүнө катышкан бир нече жашыруун цехтер табылган. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (мыйзамсыз алкоголдук продукция өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Тинтүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуу учурлары катталды: […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстан Республикасындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Тагыраагы, Төрага Рустами Эмомали өзү жетектеген Жогорку Жыйындын Улуттук Кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, жыйындар өтчү залын көрсөтүп чыкты. Андан соң Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жогорку даражалуу конокторго арналган атайын китепчеге каалоо-тилегин жазып калтырды. Эскерте кетсек, Тажикстандын парламенти […]Читать далее