Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353- буйругунда белгиленгендей, уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, […]Читать далее
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бүгүн, 2023-жылдын 30-июнунда «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти. Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетекчилиги астында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан үстүбүздөгү жылдын беш айында кылмыштуулук менен күрөшүү, бетин ачуу, алдын алуу жана кошумча уюштуруу иш-аракеттери жөнүндө маселелер каралып, бул багытта аткарылып жаткан ар тараптуу […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кош-Дөбө айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу өз ишин баштайт. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын мектептеринде англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана окутуунун […]Читать далее
«Асман шаары» – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!» – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Кул облундусагы «Асман» шаа рынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып , белгиледи. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: «Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу көл кылаасынын тургундары! Бүгүнкү иш-чаранын урматуу катышуучулары жана […]Читать далее
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынын жаранынын жасалма паспортун колдонуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган КЭР жараны кармалды. Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу 2023-жылдын […]Читать далее
2023-жылдын 10-апрелинен 29-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 93 миң 472 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Белгилей кетсек, 26-июнда тарта электрондук каттоонун экинчи этабы башталган. II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине таандык жаңы “Айкөл” балдар ден соолугун чыңдоо борборун ачты. Буга чейин мекеме “Спутник” деп аталып келген. Мамлекет башчысы өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Ата Мекен алдындагы ыйык милдетин кынтыксыз аткарууда, мамлекетти ички жана тышкы коркунучтардан коргоодо бекем туруп, чын ниети менен кызмат кылып […]Читать далее
Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 299%га көбөйдү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмалары жана жеке көзөмөлүнүн натыйжасында – ар бир тармакта өсүү темпи сезилип, кирешелер мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүп жатат. Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө жетти. 2023- жылдын январь-май айларында 22 миллион 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 миллион […]Читать далее
Президент Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоонун
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин суучулдар тобу менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди жеке өзү текшерди. Президентке маалымдалгандай, анын тапшырмасына ылайык үстүбүздөгү жылдын март айынан бери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан көлдөн […]Читать далее