Саясат

С. Жапаров бүгүнкү диалог натыйжалуу болооруна ишенимин артты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда жыйындын катышуучуларынын астында сөз сүйлөдү. Президент Садыр Жапаров: “Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында боордош өлкөлөрдүн лидерлери менен кереметүү Ысык-Көл көлүбүздүн жээгинде жүз көрүшүп жатканыбызга терең кубанычтабыз”, – деп кыргыз элинин жана өзүнүн атынан кесиптештерине […]Читать далее

Билим

Өзбекстан кыргызстандык студенттерге магистратурада гранттык негизде окууга орун берет

Өзбекстан Кыргызстанга 2022-2023-окуу жылында “Жибек жолу” эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратура программасы боюнча окууга гранттык негизде беш орун берет. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, документтерди тапшыруунун мөөнөтү 2022-жылдын 1-августунда аяктайт. Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын admissions.univ-silkroad.uz сайтына жүктөөгө тийиш.Читать далее

Саясат

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу башталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу башталды. Садыр Жапаров №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлунун астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ар бири – Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен учурашты. Учурашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү каадасы аяктагандан кийин мамлекет башчылары Консультативдик жолугушуу […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Чолпон-Атада Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкө лидерлери эки тараптуу, көп тараптуу жана соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров түркмөн кесиптешинин келишин кубаттап, үстүбүздөгү жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын жана бул аралыкта мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку […]Читать далее

Саясат

БА лидерлеринин саммити. Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол […]Читать далее

Саясат

Таджикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. «Тамчы» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, […]Читать далее

Саясат

Чолпон-Атада Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери театрлаштырылган оюн көрүштү

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев бейформал сый тамактын соңунда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында театрлаштырылган оюн көрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Nomad” этно-комплексинин амфитеатрында сыйлуу конокторго “Манас” эпосу, көчмөндөрдүн жашоосу, каада-салты, ата-бабаларынын мурастары тууралуу баяндаган “Улуу Мурас” театралдаштырылган оюн-зоогу көрсөтүлдү. […]Читать далее

Саясат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга учуп келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. «Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол […]Читать далее

Экономика

«A-Hid» венгриялык компаниясы Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди долбоорлойт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча «A-Hid» венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту. «Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», […]Читать далее

Саясат

Президент КР жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Анын ичинен 1270 адамды (анын ичинен 1032си чоңдор, 238и балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө үч Жарлык бар, алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Президенттин […]Читать далее