Президент

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө “Асман” шаарын курууга старт берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди. Иш-чара “Асман” шаарынын курулуш долбоору тууралуу видеороликти көрсөтүү менен башталды. Андан соң аталган долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлор презентациялары менен чыгып сүйлөштү. Алар жаңы шаарда курула турган объектилер тууралуу кеңири айтып берип, курулушка дүйнөдөгү эң мыкты жана алдыңкы адистер […]Читать далее

Коом

Свердлов районунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталды

Свердлов районунда аким Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, ички иштер башкармалыгынын жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзамсыз жерди уруксатсыз басып алуу фактыларына  бөгөт коюу боюнча жыйын өттү. Тиешелүү кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иштерге карабастан, жеке турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталууда. Комиссиялык текшерүүлөрдүн  жыйынтыгы […]Читать далее

Коом

Бишкектин жаш тургундары Ысык-Көлгө эс алууга кетишти

Жаш бишкектиктер Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Дзержинец» балдар лагерине эс алууга барышты. Эс алуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, реабилитациясын камсыз кылуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын жана кароосуз калгандардын алдын алуу максатында уюштурулуп, 360 бала жөнөтүлдү. Балдар эки агымда эс алышат: биринчи агым 30-июндан 10-июлга чейин […]Читать далее

Коом

Борбор калаада мектеп лагерлери жыйынтыкталды

Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова 1-класстан 4-класска чейинки балдар катышкан №47 орто мектебинин «Достук» мектеп лагеринин жабылышына катышты. Акимдин орун басары балдарды жайкы эс алуулары менен куттуктап, аларга жакшы, кызыктуу жана көңүлдүү эс алууларын, жаңы окуу жылына жаңы күч-кубат алууларын каалады. Быйылкы жылы Ленин районунун аймагында №25, 40, 42, 47, 55, 79,80,96, 97 […]Читать далее

Коом

Ош базарында мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча рейддер уланууда

«Ош базары» соода базар комплексинин аймагында башаламан соодага каршы мобилдик топ ишин улантууда. Алсак, 2023-жылдан баштап «Ош базары» СБК аймагында Ленин муниципалдык администрациясы тарабынан Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, «Тазалык» мугиципалдык ишканасы менен биргеликте 89 рейддик иш-чара өткөрүлүп, башаламан сооданы жайылткан 154 объект (кол чатырлар, чатырлар, столдор, темир конструкциялар, жыгач конструкциялар, отургучтар, манекендер) алынды. 23 […]Читать далее

Укук тартиби

Баткенде 2 млн сомдук жүктү аткезчилик жол менен алып өтүүгө

Баткенде 2 млн сомдон ашуун аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, бажычылар Э.Д.А.аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда, Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек аныкталган. Жүктүн жалпы салмагы 15 миң 484 кг, орточо базар баасы 2 млн 259 миң 750 сомду түзөт. […]Читать далее

Президент

Президент: «Асман» шаарынын долбооруна акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого

“Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам”, – – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи.   Мамлекет башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө кайрылып, шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөт, аларга мамлекет тарабынан […]Читать далее

Президент

Президент: “Асман” шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан

““Асман” шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи.   Мамлекет башчысы көл жээгине заманбап шаар салуу […]Читать далее

Коом

1-июлдан тартып суюлтулган көмүрсуутек газына салыктын ставкасы тоннасына 3 миң

Мамлекеттик салык кызматы мунай заттарды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 – 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынарын эскертет.   Демек, көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүрсуутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек.Читать далее

Коом

Баткен шаарында социалдык дүкөн ачылды

Баткен шаарында шаар мэри Имамназар Бурханов жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун катышуусунда муктаждарга жардам бере турган социалдык дүкөн ачылды. Дүкөндү ачуу дүйнөнүн булуң-бурчуңунда жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер тарабынан демилгеленген. Анда күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөр муктаж жарандар үчүн таратылып берилет. Бүгүн да бир канча муктаж жарандарга акысыз азык-түлүк таратылганын казыяттан маалымдашты. Фуркат Авлиёевдин […]Читать далее