Спорт

Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Азиядагы эң прогрессивдүү федерация деп таанылды

2023-жылдын 11-июлунда Таиланддын борбору Бангкок шаарында 25-Азия атлетика конгресси болуп өттү. Бул тууралуу Бангкоктон Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациянын президенти Канат Аманкулов билдирди. “Chatrium Grand Hotel” мейманканасында Азия жеңил атлетика ассоциациясынын шайлоо жыйыны өтүп, Кыргызстандын атынан федерациянын президенти Канат Аманкулов жана башкы катчы Мелис Надыров катышты. Конгрессте Азия континентинде жеңил атлетиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкону […]Читать далее

Президент

Жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (7 июля 2023 года № 133). Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган. Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө […]Читать далее

Коом

Нарында 18 көчөнүн асфальт төшөө иштери аяктады

Нарын шаарынын ички көчөлөрү ирээти менен оңдолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. КРдин Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда аны “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы жүргүзүүдө жана андагы 43 көчөнүн 18инде асфальт төшөө иштери аяктады. Ал эми калган 10 […]Читать далее

Коом

Оштон Ысык-Көлгө каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат. Эскерте кетсек, Тез Жет авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте 7 кг жакын мефедрон менен эки жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргыз Республикасына психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен. 2023-жылдын 17-майында ИИМдин БМЖКККнын, […]Читать далее

Шайлоо

БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2023-жылдын 12-июлунда ѳзүнүн жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрында, жекшемби күнү №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Респрубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын. конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык. КР БШКнын 2023-жылдын 16-июнундагы токтому менен Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылган. Конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан  өткөрүлөт.Читать далее

Коом

Куткаруучулар өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты

13-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада жогоруда аталган 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан. […]Читать далее

Коом

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров автобустарды сатып алуу боюнча түркиялык

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров  япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга ANADOLU ISUZU эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, ANADOLU ISUZU экспорт директору Серкан Өзтүрк жана ANADOLU ISUZU КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты. Жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик […]Читать далее

Укук тартиби

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушу. Мамлекетке 1.7 млн сом зыян келтирилген

Ысык-Көл областынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 км. жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү көрсөткөндөй, Дирекциянын айрым кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келитирилгендиги аныкталган. Бул факт боюнча Ысык-Көл […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды. “Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, […]Читать далее