Коом

Калыс-Ордо жаңы конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Калыс-Ордо жаңы конушундагы «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун эсебинен курулуп жаткан социалдык шаарчанын курулушу менен таанышты. Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак-жай имаратынын (30 үй-бүлөгө), медициналык амбулаториянын (ВАП) курулушу дээрлик аяктап, бир нече объектилердин ички жасалгасы калган. Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүүдө. Белгилей […]Читать далее

Коом

Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек-Ош авто жолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы К.Колбаев атындагы туннельдин ичинин жолун оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу,  2023-жылдын 12-июлунан  тартып,  18-июлуна чейин, авто унааларды  туннельден өтүү кыймылына   маал-маалы  менен чектөөлөр киргизилет. Туннельдин  ичин убактылуу  жабуу убактары төмөндөгүдөй: -05:00дөн тартып, […]Читать далее

Коом

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар оңдолуп жатат

Капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда. 2023-жылга карата курулуштардын  титулдук тизмесинде 54 билим берүү объектисин оңдоо пландаштырылган, анын ичинде: 25 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 3 балдар чыгармачылык борбору. Учурда 11 билим берүү объектисинде түтүктөрдү жана санитардык приборлорду  алмаштыруу менен тазалык түйүндөрү жана имараттардын ичине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды. Алгач, МинКаб Төрагасы ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкө Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктады. 9-июлда Улан-Батор шаарында эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчылары кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти. […]Читать далее

Коом

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жаныш Рустенбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргызстан эли орду толгус жоготууга учурады. 2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, саясатчы жана дипломат Рустенбеков Жаныш Султанкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрь айылында туулган. Ж.С. Рустенбеков 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта узак жылдар бою эмгектенди. 1990–1993-жылдары элдин эсинде «легендарлуу парламент» катары калган Кыргыз […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Балыкты төмөнкү максаттар […]Читать далее

Коом

Бишкекте жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүүдө

Борбор калаанын мэринин орун басары  Жыргалбек Шамыралиев алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында көчмө жыйын өткөрдү. Тиешелүү кызматтар менен биргеликте электр тармактарын даярдоонун жүрүшүн, Көк-Жар суу алгычындагы пландык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Көчмө жыйындын  алкагында мэрдин орун басары  Ж.Шамыралиев  «Арча-Бешик» 110/10 кВ көмөкчордонунда болду. Көмөкчордондо  10 МВА болгон Т-1 кубаттуулуктагы трансформаторду 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторго […]Читать далее

Билим

Ош облусунда үлгүлүү окуучулар сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош облусунун 2022-2023-окуу окуу жылын жыйынтыгы менен билим берүүдөгү көрсөткүчтөрдү алдыга жылдырууга салым кошкон, ийгилик жаратып өзгөчөлөнгөн таланттуу окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди жетишкендиктерин белгилеп, Ыраазычылык кат, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. “Бүгүн 11 жыл бою көзүңөрдүн курчун кетирип, талбаган көп жылдык мээнетиңердин, окууга […]Читать далее

Коом

Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун аты ыйгарылды

Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген хирургиялык практикага жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана жетишкендиктерин баса белгилейт. Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүнүн жана жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат. Маалымат үчүн: Чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине […]Читать далее