Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (2023-жылдын 14-июлунда № 137). Мыйзам 2023-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер […]Читать далее
Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын биринчи жарым жылына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37,8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19,5 % ын түзөт. 2023-жылдын биринчи жарым жылына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда аткарылган планы […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-июнь айларында 38774 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2023-жылы июнь айында 4583 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Шакиев Жыргалбек Тургунбекович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее
Капиталдык курулуш башкармалыгы №31 бала бакчада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат. Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо, анын ичинде ички жана тышкы инженердик тармактарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери улантылууда. Мекеме, негизги имараттан жана өзүнчө көмөкчү жайлар, чарбалык блоктордон ошондой эле […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (14 июля 2023 года № 136). Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 14-июнунда кабыл алынган. Жогоруда аталган Мыйзам 2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу […]Читать далее
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 21:52де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2023-жылдын 14-июль күнү саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адамдар алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан. Аталган факт Сокулук […]Читать далее
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индиянын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин
Бүгүн, 17-июлда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индия Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин аппаратынын ортосунда консультациялардын экинчи раунду болуп өттү. Жолугушууда регионалдык коопсуздукту камсыздоо, терроризмге, экстремизмге, наркотрафикке жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы туруу маселелери талкууланды. Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун, ошондой эле медицина тармагындагы айрым биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралды. […]Читать далее