Коом

Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду

Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду. Аталган турак жайлардын курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.Читать далее

Укук тартиби

Бишкек шаарынын мэриясынын балансына 13,9 млн сомдук жер тилке кайтарылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, 2006-жылы Ленин райондук администрациясынын мыйзамсыз токтому менен А.И. аттуу жаранга “Арча-Бешик” конушунун Ч.Иманкулов көчөсүндөгү (Түштүк магистраль менен чектешет) жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн бөлүнүп, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилип кеткендиги аныкталган. Райондук прокуратура […]Читать далее

Коом

Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат

«Булгануунун тарыхын түшүнүү – АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат. Таштанды музейинин ачылышы 2023-жылдын 7-октябрында «Алтын Казык» конушунда болот. Белгилей кетсек, экологиялык искусство фестивалы 22-сентябрдан 19-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, АКШдан, Швейцариядан, Голландиядан, Грузиядан, Чехиядан жыйырмадан ашык сүрөтчүлөр катышууда. Алар булгануу маселесин чечкен көркөм […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда 124 миңге жакын педагог билим берет

Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды. 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган. 2022-жылы […]Читать далее

Президент

Президент мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Ардактуу агай-эжейлер! Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери! «Мугалим» деген ыйык наамды адамгерчилик менен акылмандыкты айкалыштыра билген, боорукерлик сезимдерге бөлөнүп, мээримин чача билген инсандар гана көтөрө алат. Мына ошондуктан кайсы гана коом болбосун, жогорку […]Читать далее

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети

МинКаб күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Жогорку Кеңеште отчет берди

Бүгүн, 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.   Эл өкүлдөрү өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угуп, көп кырдуу суроолорду берди.   Депутат Улан Бакасов Нарын облусу кара алтындын кенине бай болгону […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы «Жеңиш» монументине гүлчамбар койду

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Беларусь Республикасындагы расмий иш сапары Минск шаарындагы “Жеңиш” монументине гүлчамбар коюу менен башталды.   Тагыраагы, Төрага Нурланбек Шакиев эки мамлекеттин гимндеринин коштоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, таазим этти.   Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, […]Читать далее

Коом

Көп кабаттуу үйлөрдүн кышкы жылуулук мезгилине карата даярдыктары көзөмөлгө алынат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине жылуулук берүү даярдыктары боюнча штаб өткөрдү. Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.   Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди: – Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилерине көп кабаттуу турак жайлардын […]Читать далее

Коом

Тарыхый-археологиялык музейлер өнүктүрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин долбоорунун алкагында «Өнүгүү борбору» (Кыргыз Республикасы) жана «HDC International» (Улуу Британия) компанияларынын эксперттеринин катышуусунда музейлерди өнүктүрүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу, пикир алмашуу максатында тегерек стол болуп өттү.   Күн тартибинде:   • «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жана «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун туризмди өнүктүрүү […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 5-октябрдан тартып нан бааларына убактылуу жөнгө салуу киргизилет

Кыргызстанда 5-октябрдан тартып нан бааларына убактылуу жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 ”Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекетгик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Социалдык маанидеги нанга жана нан азыктарына баанын өсүшүнө жол бербөө, нандын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрьндагы […]Читать далее