Президент

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. “Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата менин жылуу куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Бул күнү биз ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин,  патриоттугун жана баатырдыгын даңазалайбыз, согуш талаасында жана оорукта көптөн күткөн Жеңиш күнүн теңдешсиз эрдиги […]Читать далее

Коом

Ош шаарында “Өчпөс от” жандырылды

Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде “Эскерүү оту” эл аралык эстафетасынын алкагында Өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү. Аны жагууга Улуу Ата Мендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошев, Бүткүл орусиялык “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү теле-алып баруучу Юлия Барановская, теле-алып баруучу жана блогер Екатерина Шугаева катышты. Иш-чарага ошондой эле, Ош шаарынын мэринин орун басары […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Индиянын ТИМнин башчылары аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты

Панажи шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индия Республикасынын Тышкы иштер министри Субраманям Жайшанкар менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын ТИМнин сайтында маалымдалды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-индия кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу кызматташуунун […]Читать далее

Президент

РФнын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Президент Садыр

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз душман менен кыргын салгылашууда ийиндеш болуп,   душманга каршы турушкан. Алар фронтто баатырларча […]Читать далее

Президент

Сауд Аравиянын Королу Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу

Сауд Аравиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады. “Жеңиш күнүн майрамдоого байланыштуу Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорду, ал эми бир тууган Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине ден соолук жана бакыт-таалай, мындан аркы  гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат деп айтылат куттуктоо […]Читать далее

Президент

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. “Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Россияда жана Кыргызстанда согуш талааларында  баскынчыларга каршы тайманбастык менен салгылашкан аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын даңктуу эрдиктери жана  курмандыктары, ооруктагы талыкпаган эмгектери жөнүндөгү эскерүүлөр […]Читать далее

Аймак

Алмалык айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулат 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алмалык айылынын тургундары менен жолукту. Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлүү деген маселеси катары айылды толугу менен Ош шаарынын курамына кошуп алуу зарылчылыгын айтышты. Бүгүнкү күндө жашоочулар Ош шаарынын тургундары болгону менен жери Ноокат районуна караштуу. Андыктан документ алуу иштеринде кыйынчылыктар көп экендигин кошумчалашты. Шаар мэри Бакытбек Жетигенов айыл жашоочуларынын […]Читать далее

Президент Спорт

Президент Садыр Жапаров менен ФИФАнын Президенти Джанни Инфантинонун командалары жолдоштук

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрүштү. ФИФАнын командасынын курамында Уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция курамасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Джоркаефф да ойноду. Президенттик команда курамында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчыларын Президенттик Администрациянын

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин ар кайсы жылдары бийликтин аткаруу бутагын жетектеген экс-премьер-министрлерди Кырдаалдык борбордун иши менен таанышууга чакырды. Кырдаал борборунун ишке кириши менен  мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын электрондук инфраструктурасына кирген тутумдардын, ошондой эле өлкөдөгү  ири […]Читать далее

Президент Спорт

Президент Садыр Жапаров жана ФИФА Президенти Джанни Инфантино биргеликте Бишкекте

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, […]Читать далее