Президент Садыр Жапаров менен ФИФАнын Президенти Джанни Инфантинонун командалары жолдоштук беттеш өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрүштү.

ФИФАнын командасынын курамында Уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция курамасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Джоркаефф да ойноду.

Президенттик команда курамында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин Администрациясынын кызматкерлери ойношту.

Таймаштуу оюндун жыйынтыгында жолдоштук беттеште Мамлекет башчысынын командасы жеңишке жетишти.

Оюн аяктагандан кийин Джанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.

Связанный пост