Коом

Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасы ачылды

Борбор калаанын  Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасынын ачылыш аземи өттү. Спорт аянтчасынын ачылышы шаардыктардын, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын, Ленин районунун акиминин  орун басарынын катышуусунда өткөрүлдү. Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, ошондой эле жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор […]Читать далее

Коом

Бишкекте өзгөчө аялдама пайда болот

Борбор калаада Ю.Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда. Долбоорго ылайык аялдама жабык  болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык орнотулат. Ошондой эле аялдамада  коомдук транспорттун  декоративдик маршруту, жарнак  тактасы, маалыматтык LED экраны болот. Белгилей кетсек,  долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда. Ошондой […]Читать далее

Коом

Жарым жылдын ичинде жарандардан 2,5 миң жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн

Жарым жыл ичинде борбор калаанын муниципалитетине жарандардан 2507 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар түшкөн. Жарандардын арыздары жана сунуштары менен иштерди жакшыртуу максатында мэр, мэрдин биринчи орун басары, мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси тарабынан бекитилген график боюнча жана иш тартибинде жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпысынан 723 жаран кабыл алынган. Мындан тышкары, […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапардын алкагында Эрдэнэт шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын экинчи күнүндө бүгүн, 10-июлда, Эрдэнэт шаарына келди. Бул жерде өлкөдөгү ири тоо-кен ишканаларынын биринин ишмердүүлүгү менен таанышуу пландаштырылууда.Читать далее

Президент

Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө биргелешкен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Монголияга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидерлери Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларациясына кол коюшту. Биргелешкен декларациянын текстин келтиребиз: “2023-жылдын 9-11 июлунда Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголияда мамлекеттик сапар менен болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Наадам улуттук майрамын белгилөө […]Читать далее

Президент

Президент Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана биргелешкен күн тартиптеги парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн ролу тууралуу пикир алмашуу болду. Гомбожавын Занданшатар Садыр Жапаровдун Монголияга болгон сапары эки элдин мамилелеринин өнүгүшү үчүн жаңы […]Читать далее

Президент

Президент Монголиянын Премьер-министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ менен жолугушту. Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелер айланасында, анын ичинде соода-экономикалык чөйрө боюнча, пикир алмашуу болду. Премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ Президент Садыр Жапаров менен саламдашып жатып, анын өлкөгө болгон сапарынын тарыхый […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Анда Мамлекет башчысы буларды айтты: “Урматтуу журналисттер! Айымдар жана мырзалар! Монголиянын Урматтуу Президенти Ухнаагийн Хурэлсух мырза менен биздин эки тараптуу жолугушуубуз азыр эле болуп өттү. Ишенимдүү, достук маанайда биз кыргыз-монгол эки тараптуу өз ара […]Читать далее

Президент

Кыргызстан менен Монголиянын Президенттери достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын Биргелешкен декларациясына кол коюшту. Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду: – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө макулдашуу; – […]Читать далее

Коом

Эгемендүүлүк күнүн Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери кызуу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгын Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери менен жеринде таанышты. Көчмө жыйынга Эгемендүүлүк күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү […]Читать далее