Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголдук продукцияны жөнөтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тиешелүү салыктарды төлөөдөн качууга алып келиши мүмкүн. “Пшеничная” аталышындагы сыйымдуулугу 0,07 литрлик 7 миң 193 даана аракка 0,05 литр көлөмүнө берилген акциздик маркалар чапталганы аныкталган. Продукция тартып алынып, бул факт боюнча материалдар […]Читать далее
КРдин ТжКМдин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти 1-июндан 1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу унаалардын күн ысыкта жолго чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилгенин эскертет. Ага ылайык, саат 10:00дөн саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгондо максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө убактылуу тыюу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен дагы бир жолу жылуу куттуктап, анын жеңиши – боордош өзбек элинин ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган анын саясий багытын өлкө эли колдой […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында […]Читать далее
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт. 2023-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев комплекстин жашоочуларды кабыл алууга жана текшерүүгө даярдыгы менен таанышты. Мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин ачылыш аземи Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиевдин, Аксы районунун акиминин орун басары Бердалы Мырзагуловдун, Кербен шаарынын мэри Эрнст […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2023-жылдын 12-14-июлдарында абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле […]Читать далее
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 1-июлдан тартып, 7-июлга чейин, 21 036 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-245; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -191; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-39; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1013; -Транспорт […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Эрдэнэт шаарындагы “Эрдэнэт” заводу мамлекеттик ишканасына барды. Мамлекет башчысына “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге президенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. “Урматтуу Шавкат Миромонович, Сиздин президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы Сиздин Өзбекстан элиндеги бийик кадыр-баркыңыздын, республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык жана көрөгөч саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили. […]Читать далее