Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 25-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу деп мүнөздөлөөрүн маалымдайт. Кечээ, 2023-жылы 24-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Дача жергесинде Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары ортосунда чыккан чыр күч алып кетпеши үчүн чек ара өкүлдөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жана Тараптардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларынын […]Читать далее
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы министри Динара
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизги буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында шыктандыруучусу жана башкы уюштуруучусу болгон экс-министр Д.А.Кутманова кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө, чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды. Д.А.Кутманова, […]Читать далее
2023-жылдын 6 айында азык-түлүккө 13,5 млрд бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылга азык-түлүк коопсуздугунун такталган бюджети 19,3 млрд сомду түзөт. 2023-жылдын биринчи бөлүгүндө бюджеттен 13,5 млрд сом сарпталган. Читать далее
2023-жылдын 6 айында энергетика тармагын каржылоого 11,3 млрд сом бөлүнгөн. Анын ичинен: – энергосекторду капиталдаштырууга – 5,4 млрд сом, – күз-кыш мезгилине даярдыкка – 5,3 млрд сом, – Камбар – Ата ГЭСин курууга – 416,3 млн сом – “Бала – Саруу” чакан ГЭСин курууга – 225,0 млн сом.Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык-маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышты. Калаа башчысы “Лотос” үй-бүлөлүк балдар үйүндө болуп, анда жашаган балдар үчүн жаңы имарат куруу зарылчылыгы бар экенин белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине келерки жылга долбоорду даярдоо боюнча тапшырмасын берди. Ошондой эле Бакытбек Жетигенов К.Ташбаев атындагы шаардык китепканага барып шарт абалы менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 24-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккандыгын маалымдайт. Кыргыз Республикасынын жарандары Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ушул эле убакта ушул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен Кыргыз Республикасын чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда (№ 146) «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган. Ошону […]Читать далее
Бишкек-Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган ВИП вагон күнүгө каттай баштады. Билет баасы: чоңдор – 800 сом, балдар үчүн – 400 сом. «Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Балыкчы» бекетине 11:46да келет. «Балыкы – Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де […]Читать далее
Энергетика министри Т.Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине карата даярдык иши менен таанышты. Алдыдагы жылытуу мезгилине Бишкектин ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө Шубаркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү. Казакстандык ОсОО “Инновациялык Гефест” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча […]Читать далее