Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 20:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Жаңычылдык издеген туристтер үчүн велосипед тээп саякаттоо чоң ачылыш жана табылга болууда. Табият койнунда ээн-эркин саякаттоо үчүн велосипед маршруттары эң эле ыңгайлуу. Андыктан азыр көп туристтер шаймандарын жанына кошо алып, велосипед менен жер кыдырып жүрүшөт. Мына ушундай туристтер үчүн Түркиянын веложолдорун сунуштайбыз. Жаратылыш парктары, эл толгон базарлары, тарыхый айылдар, шаарлары менен мактана алган Түркиянын веложолдору […]Читать далее
2023-жылдын 1-жарым жылдыгында Ысык-Кѳл областынын прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жалпы баасы 35 млн 610 миң сомго бааланган 3 бала бакча жана жалпы аянты 5 764 чарчы метр болгон жер тилкелери менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды. Алар, Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы 26 млн 10 миң сомго бааланган “Балажан” бала бакчасы, Тоӊ районунун […]Читать далее
Бүгүн, 21-июль күнү саат 12:17 убактысында Биринчи май райондук сотунун электрондук дарегине “Сегодня в здании Первомайского районного суда и на рынке Dordoi в районе Алканов и Ко мы установили несколько взрывных устройств разной мощности и уже готовы их взорвать” – деген кат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов, Биринчи май райондук ИИБнын тергөө-ыкчам тобтору жана […]Читать далее
2023-жылдын 21-июлунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген алгачкы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салтка ылайык, учакты суу аркасы жана салттуу боорсок менен тосуп алышты. Өзбекстандын жаңы Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жумасына бир жолу – жума күндөрү учууну максат кылууда. Ташкенттен биринчи каттам менен 177 жүргүнчү учуп келди, ал эми Ысык-Көлдөн 44 жүргүнчү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча ишин улантууда. Улуттук агенттик бул иштин алкагында 2023-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын жана элчиликтеринин өкүлдөрүн бир аянтка чакырды. Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасына инвестициялардын өсүшүнө жана көмөктөшүүсү боюнча Дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC долбоорунун көмөгү […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААК менен голландиянын “BIOPHARMAX AVA LLC” компаниясы Кыргызстанда фармацевтикалык
«Кыргызиндустрия» ААК, «Бишкек машина куруучу завод» ААК (БМЗ) жана голландиялык «Biopharmax AVA LLC» фармацевтикалык компаниясы Кыргызстанда дары-дармектерди өндүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө фармацевтикалык заводдун курулушу боюнча жер менен таанышуу максатында «БМЗ» ААКсынын аймагына иш сапары менен барышты. Алдын ала макулдашуу боюнча, «Кыргызиндустрия» ААК өндүрүштүк инфраструктурасын камсыздашы керек, ал эми голландиялык компания дары-дармектерди жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, 2024-жылдын 1-январынан тартып […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленка көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин баштады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөр, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш […]Читать далее
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик ипотекалык компания бюджетке 21,5 миллион сомдон ашык салык төлөдү. Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания бюджетке жалпы суммасы 21 594 777 сом салык төлөгөн. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө бюджетине 15 484 751 сом салык төлөгөн. Жалпысынан компаниянын кирешеси отчеттук мезгилде 148 273 099 миллион сомду түздү. […]Читать далее