Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө

 Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө

Бүгүн, 1-декабрда Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери адистештирилген мекемелерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып көмөк көрсөтүштү.

Алар “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондуна, Ош шаардык балдардын реабилитациялык борборуна, көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатына, Ош шаардык №12 көмөкчү мектебине, “Айданек” бала бакчасына жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып, кабар алышты.

Аларга материалдык жардам жана азык-түлүк берилди. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жардам көрсөттү.

2022-жылдын 1-декабрына карата такталган маалыматка ылайык, Ош шаарында 7375 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, анын 1050сү 18 жашка чейинкилер.

Связанный пост