Акылбек Жапаров “HS Holdings Co., Ltd” компаниясынын президенти Ясунари Харада менен жолугушту

 Акылбек Жапаров “HS Holdings Co., Ltd” компаниясынын президенти Ясунари Харада менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон иш сапарынын алкагында “HS Holdings Co., Ltd” компаниялар тобунун Президенти Ясунари Харада менен жолугушту.

Акылбек Жапаров “Кыргызкоммерцбанк” ачык акционердик коомунун акцияларынын контролдук пакетин япониялык “HS Holdings Co., Ltd” компаниясынын сатып алышы – Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган жапондук ишкерлер үчүн маанилүү сигнал болуп саналарын белгиледи.

«Бул кадам инвестициянын жана биздин республикада иштөөнү каалаган жапон компанияларынын санынын көбөйүшүнө алып келет деп ишенем. Ошол эле учурда мен бир нече жылдан кийин “Кыргызкоммерцбанк” өлкөдөгү ири жана технологиялык жактан өнүккөн каржы институттарынын бирине айланарына ишенем», – деди ал.

Өз кезегинде “HS Holdings Co., Ltd.” компаниясынын президенти Ясунари Харада япон ишкерлери бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө да, өзгөчө Кыргыз Республикасына да чоң кызыгуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

«Башка жапон компаниялары бизди Кыргыз Республикасына ээрчишет жана биз аларга керектүү финансылык операцияларды жүргүзүүгө жардам бере алабыз деп ишенем», – деп жыйынтыктады Ясунари Харада.

Маалымат үчүн: “HS Holdings Co., Ltd” компаниялар тобу (мурдагы Sawada Holdings Co. Ltd) банктык жана башка финансылык кызматтарды көрсөтөт. Компания 1958-жылы 21-январда негизделген жана башкы кеңсеси Япониянын Токио шаарында жайгашкан.

Связанный пост