Нурланбек Шакиев Өзбекстан Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

 Нурланбек Шакиев Өзбекстан Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жана парламенттер аралык алаканын актуалдуу маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасы менен калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.

“Түзүлгөн тыгыз жана ишенимдүү байланыштардын, бардык деңгээлдеги түз жана үзгүлтүксүз диалогдун аркасында акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерде олуттуу оң тенденция байкалганын баса белгилегим келет”, – деген Нурланбек Шакиев кыргыз-өзбек кызматташтыгындагы урунттуу учурларга, өз ара сапарлар менен биргелешип өткөрүлгөн иш-чараларга токтолду. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган Төрага аны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул багытта жакынкы аралыкта Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү, андан сырткары парламенттик делегациялардын, депутаттык достук топторунун өз ара иш сапарларын активдештирүүнү сунуштайм”, – деди Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү максатында эки өлкөнүн рыногундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө жагымдуу шарттарды түзүү жаатында кыргыз тарап биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева алгач Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалоо менен Өзбекстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле окшош маданий-руханий баалуулуктарга ээ эки элдин кызматташтыгы достук, жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделгенин баса белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу багытында жасалган алгачкы кадамдар тууралуу сөз кылды.

“Эки мамлекет ортосунда жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында биргелешип иштөөбүз кажет. Анын ичинен Олий Мажлис менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссия маанилүү роль ойношу керек”, – деген Танзила Нарбаева Төрага Нурланбек Шакиев тарабынан айтылган бардык демилгелерди колдоорун кошумчалап, маданий-гуманитардык чөйрөдө да алаканы арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Связанный пост