Кызыл-Кыяда окуучуларды коркутуп, тоноп жүргөн 17 жаштагы өспүрүм кармалды

 Кызыл-Кыяда окуучуларды коркутуп, тоноп жүргөн 17 жаштагы өспүрүм кармалды
Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери 2022-жылдын 24- октябрынан 26-октябрына чейинки аралыкта “Антирэкет” иш-чарасын уюштуруп, шаар аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында бир топ иштерди жүргүздү. Билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, дүкөндөрдө кайыр сурап жүргөн жарандар менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Ошондой эле мурда катталган кылмыштардын бетин ачууга балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери топторго бөлүнүп, 2022-жылдын 21-сентябрда катталган арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп, изин жашырып жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы М. аттуу тургунун аныктап кармаган.
Кармалган жаран 2022-жылдын сентябрь айларынын аяк чендеринде Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдөрдү тоноп, акчаларын, телефондорун алып жүргөн 4 факт катталган.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп, тонолгон буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди.

Связанный пост