Башкы прокурор коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин отурумуна катышты

 Башкы прокурор коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин отурумуна катышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушевдин төрагалыгы астында видеоконференц-байланыш режиминде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 7-чи отуруму болуп өттү.

Отурумда Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын Башкы прокурорлору, ошондой эле Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын коррупцияга каршы агенттиктеринин жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү багытындагы Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда кызматташууну бекемдөө боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушев Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөп, отурумдун катышуучуларын мыйзам чыгаруу жаатындагы реформалар, мунун ичинде күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстер, ошондой эле Кыргызстанда коррупциялык жана экономикалык кылмыштарды жасагандар үчүн жазанын күчөтүлгөндүгү тууралуу билдирди.

Отурумдун жыйынтыгы менен КМШ катышуучу мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешиндеги кезектеги Төрагалык жана бул уюмдун Секретарияты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост