Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны кескин өсүүдө

 Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны кескин өсүүдө

Кытайда бир суткада коронавируска чалдыккандардын рекорддук саны аныкталды. Ал дээрлик 33 миң адамды түзөт. Жаңы учурлардын көбү Гуанчжоуда аныкталган. Учурда бул шаарда 80 миң орундуу карантиндик борбор курулуп жатат.
ТАСС агенттиги маалымдагандай, инфекциянын жаңы учурларынын 90%дан ашыгынын белгилери билинбейт. Бейтаптардын басымдуу көпчүлүгү инфекцияны өлкө ичинен жугузгандар.
Көптөгөн аймактарда тургундарга байланышты чектеп, зарылдык болбосо үйлөрүнөн ашыкча чыкпоо сунушталууда.
Эске салсак, буга чейин Кытайда инфекциянын максималдуу өсүшү – 29 411 учур 14-апрелде катталган.

Связанный пост