Адылбек Касымалиев жана бизнес-коомчулук Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулады

 Адылбек Касымалиев жана бизнес-коомчулук Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өлкөнүн бизнес-коомчулугу менен жолугушту.

Жолугушууну ачууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары инвестициялык кеңештин катчылыгына жана бизнес-ассоциацияларга Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү экономикалык абалдын актуалдуу маселелери, Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана өлкөдөгү жалпы бизнес климат талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары мамлекеттик кызматкерлер менен ишкерлердин жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

«Инвестициялоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аны жакшыртуу боюнча активдүү кадамдар жасалууда. Ошол эле учурда биз мамлекет менен бизнес бири-бири менен эриш-аркак мамиледе болгон тең салмактуулукту жактайбыз”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ал кошумчалагандай, эффективдүү салыктык башкаруунун аркасында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жетише алдык, бул өз кезегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын, социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды жогорулатууга, ошондой эле бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берди.

Күн тартибинде 10 маселе каралып, кеңири талкуудан кийин ар бир маселе боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө Салык кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча бизнес чөйрөнүн кооптонуусу да айтылды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары чечимдерди кабыл алууда компромисске баруу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле бардык өзгөртүүлөр бардык тараптардын, анын ичинде бизнестин пикири эске алынып кабыл алынаарын белгиледи.

Связанный пост