Кыргызстанда зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү борбору түзүлөт

 Кыргызстанда зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү борбору түзүлөт

Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү борбор зомбулуктан жабыркаган аялдарга укуктук, психологиялык, социалдык жактан комплекстүү жардам көрсөтөт.

“Борборду түзүүгө жооптуу ведомстволор аралык жумушчу топко Эмгек министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирди”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост