Маданият министрлиги кыргызстандыктарды ишембиликке катышууга чакырат

 Маданият министрлиги кыргызстандыктарды ишембиликке катышууга чакырат

17-сентябрда “Таза Мурас” жалпы улуттук компаниясынын алкагында өлкө аймагы боюнча Улуттук тазалык күнү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президенти тарабынан башталган “Таза Мурас” акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.

“Республиканын жалпы жарандарын айлана-чөйрөнү тазалоого, тийиштүү аянттарды көрктөндүрүүгө жана өзүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырабыз.

Экологияга кам көрүү, тазалыкты жана жагымдуу шарттарды түзүү ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, четте калба!”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост