Кыргызстанда мектептерге компьютердик класстар үчүн эмеректер жеткириле баштады

 Кыргызстанда мектептерге компьютердик класстар үчүн эмеректер жеткириле баштады

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 1,2 миң мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмеректерди жеткирип жатат.

Билим берүү министрлигинен билдиргендей, 1,2 миң мектептин ар бирине – 15 стол, 15 стул, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге – 21 стол, 21 стул жана процессор үчүн 21 тумба тапшырылууда.

5-августка чейин Ысык-Көл облусу боюнча 109 мектепке эмеректер жеткирилип бүттү. Учурда Чүй, Баткен, Нарын облустарына жана Бишкек шаарындагы мектептерге берилип жатат. Андан кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад жана Талас облустары турат. Бардык мектептерге жеткирип берүү жумуштары октябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке (жалпы мектептердин 56%ы) жана 8 педагогикалык колледжге 24 168 даана компьютер, 7 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет.

Связанный пост