Коррупцияга шектелип кармалган директор Низовский үй камагына чыкты

 Коррупцияга шектелип кармалган директор Низовский үй камагына чыкты

 Бишкектеги №61 мектептин мурда кармалган директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Мындай чечим кечээ Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

Белгиленгендей, ал 16-сентябрга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин директору Н.Ю.Н.га коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ошентип, Н.Ю.Н. системалуу түрдө пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана анын жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр аныкталып, алар – жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, унаалар, үйлөр жана батирлер бар экендиги такталып, болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын экендиги аныкталган.

Н.Ю.Н. өз мүлкүн жашыруу максатында жакындарына жана ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз түрдө мүлктөрдү каттаган.

Связанный пост