“Кумтөр” компаниясынын жарандык коргонууга даярдыгы бааланат

 “Кумтөр” компаниясынын жарандык коргонууга даярдыгы бааланат

9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссия өлкөнүн экономикасына зор салым кошкон “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта болуп, “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк баш болгон кен ишканасынын бир катар кызматкерлери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кен иштеткен ишкананын Жарандык коргонууга даярдыгы текшерилип, бааланарына токтолду.

Ал Жарандык коргонуу тууралуу түшүндүрмө берип, алтын кенин өндүргөн объектте болуп, өрт коопсуздук эрежелерин, материалдык техникалык жабдууларын, химиялык элементтер менен иштөө, техникалык коопсуздугу текшерилип, табигый жана техногендик кырсыктар катталган учурда алгачкы иш-чараларды жүргүзүүгө даярдыгы текшерилээрин белгиледи.

“Ошондой эле комплекстүү текшерүүдө ишканада иштеген кенчилердин ден соолугун көзөмөлдөө, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаал катталган учурда алгачкы жардам көрсөтүү, ири өндүрүштүк авариянын, өрт коопсуздугунун алдын алуу бааланат. Мындан сырткары, инженердик, радиациялык, химиялык элементтер менен иштөөдө коопсуздук чаралары, коопсуз жайларга көчүрүү сыяктуу эвакуациялык иш-чаралары көзөмөлдөн өтөт”, – деди Шамырканов.

Жарандык коргонууга даярдыгын баалоонун негизги максаты – кенчилердин коопсуздугу, өндүрүш процесстери жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, өрт кырсыгы чыкканда колдонулуучу техникалардын, шаймандарынын көрүнөө жерде жайгашуусу жана даярдыгы, өрт өчүрүүчү жабдыкты колдоно билүү жана башка коопсуздук эрежелериинин сакталуусу текшерилет.

Связанный пост