Көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 90 миң сомго жакын айып салынды

 Көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 90 миң сомго жакын айып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция санитардык эрежелердин сакталышына жана жеке ишканалардын катуу тиричилик таштандыларын өз убагында ташып чыгуусуна көзөмөлдү күчөттү.

Инспекторлор Октябрь жана Биринчи май райондорун текшеришти. Белгилей кетсек, жарандар 10 метрге чейинки периметрдеги тегерек-четтин тазалыгын көзөмөлдөөсү керек. Жалпысынан 18 мыйзам бузуу фактысы катталып, «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 114-беренеси боюнча жалпы суммасы 88 миң 500 сомдук протоколдор түзүлдү.

Тартип бузгандардын тизмесине «Умай Групп» ЖЧКсы («Глобус» мамлекеттик ишканасы), «Тунгуч» жана «Көк-Жар» кичи райондорундагы филиалдары, ошондой эле «СМА Групп» курулуш компаниясы кирген. Калган 15 тартип бузгандар чарбалык субъектилер.

Мыйзам бузууларды таануудан баш тарткан жарандардын иштери административдик комиссия тарабынан каралат.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан анын аймагынын айланасын күн сайын тазалыкты камсыз кылуу керектигин эскертет.

Связанный пост