Борбор калаада тартип бузгандар аныкталды

 Борбор калаада тартип бузгандар аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Аталган инспекция шаардыктардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосун өзгөчө көзөмөлгө алды.

Таштандыларды же башка калдыктарды чыгаруу фактысы боюнча бузуучуларга күнөөсүн мойнуна алган-мойнуна албаганына карабастан протоколдор түзүлөт.

10 метрге чейинки радиуста чектеш аймактарда санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 114-беренесине ылайык, төмөнкү ишканалардын администрациялары жоопкерчиликке тартылат:

– Панфилов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан “Газпром Нефть Азиянын”  эки филиалы.
– Жаш Гвардия бульвары, 74 жана Лермонтов көчөсү, 33 дарегиндеги «Умай Групп» компаниясынын филиалдары.
– Анкара көчөсү, 2/2 “Альфа Ойл” АЗС;
– Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү “Керамин” дүкөнү;
– Чуйков көчөсү 138а/1 “Шнос”,
– Жунусалиев көчөсү, 30/1 “Доминат”;
– Абдрахманов көчөсү, 127 “Плазма Стар”;
– Л.Толстой көчөсү 104б “Бета Иншаат”;
– Ч.Айтматов проспектиси, 303 «Фламинго» паркы.

Мындан тышкары төмөнкү чарбалык субъектилер да тартип бузуучулардын катарына киришти:

Гоголь көчөсүнүн боюнда жайгашкан жашылча күркөсү;
Пушкин көчөсү, 213 дарегиндеги мейманкананын ээси.
Жеке жактар ​​жана үй ээлери: Учкурган көчөсү, 59а; Муса Жалил көчөсү, 319; Кривоносов көчөсү  2/1; Суворов көчөсү, 30к; Эркиндик бульвары, 53а; Чүй проспектиси, 127.

Бул берене жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Связанный пост