28-августта Бишкек шаарында Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруунун алкагында эгемендүүлүк күнүнө жана “Ден соолук менден башталат!” деген ураандын астында веложүрүш өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, веложүрүш Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, толеранттуулукту жогорулатууга, көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө арналды. Иш-чарага министрлер кабинетинин орун басары Эдиль […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-августта, Кыргызстанда төрөлүп өскөн, профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолугушту. Мамлекет башчысы Дмитрий Бивол менен учурашып, аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады. “Биз сенин карьераңды жакындан байкап […]Читать далее
Бүгүн, 25-августта Нарын районунун Эмгекчил айылындагы КР эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык мелдеш салтанаттуу ачылды. Ат оюндарынын ачылыш аземи республиканын аймактарынан келген көкбөрүчүлөрдүн сапка тизилген салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Ачылыш аземде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары Раимбек Токтобаев, Нарын районунун […]Читать далее
Кыргызстандык балбандар Сербияда өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чемпионатка Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанат. Тизме: Грек-рим күрөшү боюнча: 1. Жоламан Шаршенбеков, 60кг; 2. Тынар Шаршенбеков, 63кг; 3. Амантур Исмаилов, 67кг; 4. Акжол Махмудов, 77кг; 5. Атабек […]Читать далее
Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда “Салбуруун 2022” аталышындагы салттуу жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара эгемендүүлүк күнүнө карата 29-31-август аралыгында өтөт. Салттуу жаа атуу мелдешине бул ирет Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Россия, Башкортостан, Венгрия, АКШ, Германия, Франция, Испания, Индонезия жана башка жерлердин көзгө атар мергенчилери келет. Жалпы жонунан 120дан ашык жаачылар ат […]Читать далее
Кыргыз балбандары Болгариядагы 20 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алты медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат. Кыздар арасында Нурзат Нуртаева (68 кг) күмүш, Дилназ Сазанова (65 кг) коло медаль тагынды. Грек-рим күрөшү боюнча Баяман Каримов (63 кг) күмүш, Нуристан Сүйөркулов (55 кг) менен Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) коло […]Читать далее
Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндары аяктап, Кыргызстан жалпы 31 медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту: 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду […]Читать далее
Кикбоксер Адилет Улан уулу Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге татыды. Ал 60 кг салмак категориясында катышкан. Адилет Улан уулу алгачкы беттеште Азербайжандык спортчуну, жарым финалда Иорданиялык кикбоксерду жеңип, финалда түрк атаандашына жеңилип, күмүш байгенин ээси болду. Ал эми дагы бир кыргызстандык кикбоксер Аброр Хакимов аталган оюнда коло байгени багындырды. Спортчу 71 кг салмак категорияда катышкып, […]Читать далее
Велосүйүүчүлөрдүн көңүлүнө! 2022-жылдын 28-августунда «Ден соолук менден башталат!» деген ураандын алдында веложүрүш өтөт. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун колдоосу менен «Кыргыз Жараны» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чара төмөнкү программа боюнча өткөрүлөт: […]Читать далее
Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Оюн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналып, 30-августта саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда башталат. Футболдун түрдүү муундарынын кумирлери оюн талаасына чыгышат. КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, […]Читать далее