Бишкекте Ички аскерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

 Бишкекте Ички аскерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

 Бишкекте Ички аскерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Майрамдык иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин Командачылыгынын аскер кызматкерлери, ардагерлер жана чакырылган коноктор катышты.

Салтанаттуу аземдин башында иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ички аскерлердин ардагерлерин эскерүү менен “Баатырлар аллеясынын” өчпөс отуна гүлчамбар коюшту.

Ички иштер министринин орун басары Ички аскерлердин Штандартын Ички аскерлердин колбашчысы Дамир Алыбаевге тапшырды.

Кызматында өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери Ички иштер министринин, Ички аскерлердин колбашчысынын жана өз ара кызматташкан түзүмдөрдүн буйруктары менен бир катар аскер кызматкерлери сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда майрамдык концерттик программа тартууланды.

Связанный пост