Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Көк-Бөрү жана Алыш күрөшү расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, улакчылар машыгуу жыйындарын толук өткөрүп, бүгүнкү күндө даяр турушат. Оюнчулар 2022-жылдын 28-сентябрында учушат. Мындан сырткары, көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, […]Читать далее
Кечээ, 22-сентябрда Россиянын футбол боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Россиянын курамасы Кыргызстандын “Ак шумкар” улуттук курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн 24-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Онлайн билеттерди iticket.kg расмий сайтынан алса болот. Билет баасы: – Чыгыш трибунасы: 350 (700) сом; – […]Читать далее
Шахмат боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Батыш Азия чемпионатында 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту. Чемпионат Ысык-Көлдө өтүп, ага Кыргызстан, Индия, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу жети мамлекеттен 20 жашка чейинки 30га жакын улан-кыздар катышты. Мелдеш 3 түр боюнча өттү: классикалык […]Читать далее
Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулар Бишкекке учуп келди. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасын жана машыктыруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, балбандардын тууган-жакындары, күйөрман-колдоочулар салтанаттуу тосуп алышты. Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады. “Намыска жарадың Жоламан, баатыр! Азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң. Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар […]Читать далее
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШнын балбаны Ильдар Хафизов менен күчүн сынап, беттеш башталары менен […]Читать далее
КР Мамлекеттик бажы кызматынын кичифутбол командасы Белоруссиянын Брест шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын командаларын арасында өткөн IX эл аралык турнирде биринчи орунду ээледи. Ведомстводон билдиргендей, иш-чара бажы кызматтарынын ортосунда достук байланышты чыңдоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келет. Спорттук иш-чарага Белорусь, Азербайжан, Армения, Кыргызстан, Латвия, Молдова, Россия, Словакия жана Украинадан келген спортчулар катышты. Биринчи турда “эң […]Читать далее
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 13-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат. Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күрөшөт. Ал мелдештин 1/8 финалында кытайлык Жуан Ванг менен литвалык Камиле Гаучайтенин жеңүүчүсү менен кармашат. Чемпионаттын тандоо туру Бишкек убактысы менен саат 14:30да башталат. Мындан сыртары, бүгүн Жоламан […]Читать далее
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анда кыргыз кызы германиялык Луиза Нимешти 4:0 эсебинде артта калтырды. Жарым финалда Айсулуу япониялык Нонока […]Читать далее
Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Спортчу 67 кг салмак категорияда беттешкен. Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты. Чечүүчү 3-орун үчүн […]Читать далее