Түркияда өтчү көчмөндөр оюндарында кыргыз улакчылары ижарага алган аттар менен ойнойт

 Түркияда өтчү көчмөндөр оюндарында кыргыз улакчылары ижарага алган аттар менен ойнойт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмне себептен кыргыз улакчылар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өз аттары менен барбаганынын себебин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалгыз гана “Муалем Авиейшн” компаниясы белгиленген шарттарда гана аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча, аттар 2022-жылдын 27-сентябрында учуп, кайра Кыргызстанга 3-октябрда кайтып келмек.

“Бирок, Түркия тарап көк бөрү көчмөндөр оюндарында расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч бергендиктен, аттарды кайра Кыргызстанга алып келүүдө авиакомпаниянын учуу мөөнөтүн башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле кайра аттарды Кыргызстанга алып келүү мөөнөтү эки жумадан узак убакытка чейин созулган. Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен, оюнга катышуу үчүн аттарды Түркиядан ижарага алуу чечими чыккан”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган авиакомпания Кыргызстандын 24 жана Казакстандын 15 атын Түркияга алып кетмек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Казакстан аттарды ижарага алышты. Оюнчулар көчмөндөр оюндарына катышууга толук даяр.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат.

Связанный пост