Кыргызстандык окуучулар шахмат боюнча чемпионатта 6 медалга ээ болушту

 Кыргызстандык окуучулар шахмат боюнча чемпионатта 6 медалга ээ болушту

Шахмат боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Батыш Азия чемпионатында 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.

Чемпионат Ысык-Көлдө өтүп, ага Кыргызстан, Индия, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу жети мамлекеттен 20 жашка чейинки 30га жакын улан-кыздар катышты.

Мелдеш 3 түр боюнча өттү: классикалык шахмат, рапид жана блиц.

Классикалык шахмат боюнча чемпионаттын жыйынтыгы:

Ачык:
1. FMАбдурахмонов Мухаммадали
2. FM Конгресси Руслан
3. FM Абдилхайыр Абилмансур

Кыздар арасында:
1. Маликова Маржона
2. WIM Султанбек Зейнеп
3. Шокиржонова Барчина

Рапид чемпионатынын жыйынтыгы:

Ачык:
1. FM Орозбаев Элдияр
2. FM Абдилхайыр Абилмансур
3. FM Жакшылыков Эржан

Кыздар:
1. WCM Омонова Умида
2. WIM Серикбай Асел
3. Сездбекова Айжан

Блиц чемпионатынын жыйынтыгы:

Балдар:
1. FM Конгресси Руслан
2. FM Абдурахмонов Мухаммадали
3. FM Орозбаев Элдияр

Кыздар:
1. WCM Омонова Умида
2. WFM Махдиан Ануша
3. WFM Асгарзаде Митра

Связанный пост