Изник шаарында Кыргызстандык улакчылар Казакстанды финалда утуп, жеңүүчү аталды

 Изник шаарында Кыргызстандык улакчылар Казакстанды финалда утуп, жеңүүчү аталды

Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча кыргызстандык улакчылар Казакстанды финалда утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыргызстандык улакчылар мелдештин финалында казакстандык спортчулар менен чыгып, аларды 5:0 эсебинде артта калтырды. Чечүүчү 3-таймда Казакстандын курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок.

Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келди.

Белгилей кетсек, атайын көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатылып алынган атын, Түркияда жашаган вандык кыргыздарга тапшырылды.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү.

Связанный пост