Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Читать далее
Бүгүн, 3-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү тегерек столу өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Тегерек үстөл жыйыны Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө, жалпысынан экономика тармактарын өркүндөтүүгө арналган. Кыргызстан Aраб координациялык тобунун фонддорунун өлкөдөгү ишин жогору баалайт жана мындан ары дагы жемиштүү […]Читать далее
Араб координациялык тобунун кезектеги 4-жыйыны бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул араб финансы институттарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн экономикалык блогунун өкүлдөрү менен төртүнчү жолугушуусу болот. Ушул күндөрү алдыңкы араб каржы институттарынын делегациясы Кыргызстанда болушат. Иш сапардын алкагында бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында курамына Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маэда Сигэки менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты. Өз кезегинде элчи «Run the Silk Road» Бишкек эл аралык жарым марафонун жана Япония күнү фестивалын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Мэр шаардык муниципалитет мындай иш-чараларды өткөрүүгө ар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.Читать далее
Арстанбаев Мирлан Есенович Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкек шаарында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө чет элдик дипломаттарга 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы Султан Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин иш тажрыйбаңыз ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мэр өз сөзүндө Кайрат Абдрахмановду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ага улай көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, “Кыргыз жараны” программасынын алкагында шаарда жүргүзүлүп жаткан иштерге жана […]Читать далее