Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

 Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына учуп кетти.

Саммиттин аянтчасында Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев;
– Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
– Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Связанный пост