Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту. Регионалдык коопсуздук, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу алкагында кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана аны мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды. Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
“Кадрларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” жарлыктын долбоору коомдук талкууга
“2023-2025 жылдарга Кыргызстанда кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. “2023-2025 жылдарга КРда кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө” президенттин жарлыгынын долбоорунун максаты мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын саппаттуу аткарууга […]Читать далее
Кечээ, 17-октябрда Стамбул шаарында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министрлери ТМУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ТМУнун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен күч-аракеттер, уюмдун өнүгүү перспективалары жана жаңы институттарды […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун, Минкаб мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өлкөнүн 2022-2023-жж. күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде калкка жана мекемелерге көмүр жеткирүү жана аларды көмүр менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өт өрдү. Энергетика министри Таалайбек Ибраев […]Читать далее
«Борбордук Азия өлкөлөрү жана Россия менен мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, экономикасына, тилдик жана руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген артыкчылыктуу багыт болуп саналат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Россия — Борбордук Азия» саммитинде. Сөзүнүн башында Мамлекет башчысы Россиянын президенти […]Читать далее
Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Алар: 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө); Аткаруу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ МБК) мүчө Мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар курамдагы кезектеги жыйынында алдыда Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин билдирди. Мамлекет башчылары кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты. Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Казакстан Республикасы КМШга ийгиликтүү жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Конгресс-борборго келди. Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын Конгресс борбордо Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү. Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) жыйынына, “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат. КМШ МБК жыйыны УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт. Түз эфир Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Белгилей кетсек, мындан төрт ай мурун Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилген, анда көпүрө, туннель, жолдор, көмөк чордон жана […]Читать далее