Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын жыйындарына катышат

 Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын жыйындарына катышат

Бүгүн, 26-октябрда Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Ошондой эле иш-чаранын программасында КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Туруктуу комиссиялардын отуруму, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу аземи камтылган.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын курамында депутаттар Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.

Связанный пост